Көрүлдү: 903
Баланы 1 же 2-класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алынгандан кийин бир айдын ичинде (4-августтан 5-сентябрга чейин) тиешелүү тастыктоочу документтерди жалпы билим берүү уюмуна тапшыруу зарыл.
Башталгыч билим берүүнүн 1 же 2-классына кабыл алынып жаткан баланын ата-энеси мектепке төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
– баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын (белгиленген формада);
– бала алган эмдөөлөр жөнүндөгү медициналык маалымкаттын түп нускасын (белгиленген формада);
– баланын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтүн.
