Көрүлдү: 596
2025-жылдын 5-8-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде DARYA эл аралык жайкы мектеби – окутуудагы жана билим берүүдөгү кесиптик чеберчиликке арналган билим берүү иш-чарасы өтүп жатат. Алдыңкы тажрыйба борборлорун өнктүрүүгө багытталган мындай мектеп Кыргызстанда алгач ирет өткөрүлүүдө.
Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген 100дөн ашуун өкүлдөр катышууда. Катышуучулар окутуу, өнөктөштүк, башкаруу, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү системасына инновацияларды киргизүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларды талкуулап жатышат.
Жайкы мектеп DARYA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Педагогдордун кесиптик чеберчилигин баалоонун жана өнүктүрүүнүн жаңы инструменттерине – SCAFFOLD жана ISATCOVE – өзгөчө көңүл бурулууда. Бул инструменттер окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жана компетенцияларын өнүктүрүүгө системалуу мамиле кылууга жардам берет.
Жайкы мектептин жыйынтыгы Кыргыз Республикасындагы кесиптик билим берүү системасын чыңдоодо жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болгонун белгиледи. Ал башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буларды кошумчалады: «DARYA долбоору – жөн гана демилге эмес. Бул – биздин өлкөлөрүбүз үчүн Европа мамлекеттеринин алдынкы тажрыйбасын эске алып, кесиптик билим берүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү мүмкүнчүлүгү».