Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНАН ТАРТЫП КАГАЗ КҮНДӨЛҮКТӨР ЖАНА ЖУРНАЛДАР КОЛДОНУЛБАЙТ

Көрүлдү: 978

Кыргызстандагы мектептерде 2025/2026-окуу жылынан тартып мугалимдер мурдагыдай кызыл журналдарды жана окуучулардын кагаз күндөлүктөрүн колдонушпайт. Бул тууралуу агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева республиканын мектеп директорлорунун орун басарлары үчүн уюштурулган Педагогикалык форумда билдирди.

post.title

Анын айтымында, мындай өзгөрүү билим берүү тармагында санариптештирүүнүн жигердүү жүрүшүнүн жыйынтыгы болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча окуучулар тууралуу маалыматтардын 90 пайыздан ашыгы санариптик форматка өткөрүлдү.

Демографиялык маалыматтардан тартып окуучунун үй-бүлөлүк абалы, сабакка катышуусу жана жетишкендиги да электрондук базага киргизилди. Бул маалыматтар азыр ири анализдердин негизине айланып, чечим кабыл алууда маанилүү ролду ойноодо.

«Эми билим берүү процессинин бардык этабы – баа коюу, ата-эне менен байланыш, үй тапшырмаларды берүү – электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, директорлор, ата-энелер «Күндөлүк» ж.б. санариптик платформалар аркылуу иштешет. Бул – жөн эле кагаз форматты алмаштыруу эмес, бул – билим берүүнү башкаруунун жаңы баскычы», – деди Л. Самыкбаева.

«Күндөлүк» тиркемеси аркылуу ата-энелер балдарынын бааларын, сабактардын жүгүртмөсүн, үй тапшырмаларын жана окуу китептерин көрө алышат. Ал эми мугалимдер темаларды белгилеп, бааларды коюп, балдардын сабакка катышуусуна көз салышат. Мектептин администрациясы ошол маалыматтардын негизинде чечим чыгарат.

Мындан тышкары, быйыл «Күндөлүккө» мектептин инфраструктурасын камтыган модуль кошулду. Анын жардамы менен ар бир мектеп имараттын, эмеректин, жабдуулардын абалы тууралуу маалымат киргизип жатат. Бул келечекте жабдууларды, эмеректерди сатып алууну же жаңы мектептерди курууну туура пландоого көмөктөшөт. Анткени система аркылуу кайсы мектеп ашыкча жүктөм менен иштеп жатканы дароо көзгө көрүнөт.

Ошондой эле, жеке маалыматтарды коргоо маселеси өзгөчө көңүл борборунда. Министрлик көп деңгээлдүү коопсуздук тутумун иштеп чыгып, жеткиликтүүлүк укуктарын так бөлүштүрдү. Ар бир адам өз ишине байланышкан гана маалыматты көрө алат.

Мисалы, предметтик мугалим өз классынын маалыматтарын гана көрөт, класс жетекчи – өз классындагы бардык предметтерди, директор – мектептеги жалпы маалыматтарды, райондук билим берүү бөлүмү – өз району боюнча маалыматтарды, ал эми министрлик – республика боюнча маалыматтарды көрө алат. Ким качан кандай маалыматты алганы системада катталып турат. Андыктан кандайдыр бир маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алууга болот.

«Директорлор өз кызматкерлеринин, ал эми райондук билим берүү бөлүмдөрү директорлордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөп турушат», – деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

«Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму – Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган, жаңы окуу жылына карата мугалимдерди жана мектеп администрацияларын даярдоого багытталган иш-чаралардын уландысы. Анын башкы максаты – өлкөнүн бардык аймактарында заманбап, санарипке негизделген билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар