Көрүлдү: 622
2025-жылдын 4-августунда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Жаңылыктын жарчысы» аттуу Педагогикалык форум өз ишин баштады. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулуп, ага мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методисттер катышууда. 14-августка чейин улануучу форумдун алкагында бардык аймактардан келген 800дөн ашуун адам алты агым менен окутулат. Форумдун максаты – жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары, мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу форматынын өзгөрүшү шартында 2025/2026-окуу жылына педагогдорду усулдук жана уюштуруучулук жактан даярдоо.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ачты:
«Биз бир багытта бара жатабыз. Бул багыт — Алтын-Казык. Сиздер билгендей, бул жылдыз көчмөн элдин компасы болгон. Бүткүл дүйнөдө бир гана миссия бар — сапаттуу муунду тарбиялоо. Бул биздин башкы максатыбыз.
Биздин багыт — бала жана билим. Баарыбыз ушул багытта биригишибиз керек. Президент толук колдоо көрсөтүүдө. Финансылык жана технологиялык колдоо бар. Биз бул ишенимди акташыбыз зарыл.
Бүгүн мектеп директорлору өз миссиясын так түшүнүшү керек. Директор — бул лидер. Ал ишти уюштуруп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таба билип, социалдык ынтымакты камсыз кылышы керек. Кадрларды тандоо да толук санарип форматка өтөт. Биз учурда календардык-тематикалык пландарга чейин даярдап бердик. Бул сиздерге бир жагынан жеңилдик болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик.
Сиздер — жаңылыктын жарчысыздар. Завуч — бул мугалимдердин ишин уюштурган, көзөмөлдөгөн жана баалаган негизги фигура. Биз мугалимдердин жетишкендиктерин онлайн баалайбыз. Жалпы тестирлөө, олимпиадалар да онлайн форматта өтөт. Андыктан, ар бириңиздер жаңы билимдердин алып жүрүүчүсү болушуңуздар керек.
Завучтар 12 жылдык билим берүү системасына өтүү учурунда мугалимдерге колдоо көрсөтүүгө тийиш. Ошондой эле ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, коркпош керек. Биз дайыма жаныңардабыз жана жардам берүүгө даярбыз».

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын билим берүү секторунун башкы адиси Гүлмира Султанова жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа сүйлөп, билим берүү реформаларын колдоодо эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Форумдун программасы модулдук форматта уюштурулган. Бул катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспектилерин терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал алты модулду камтыйт: жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты жана базистик окуу планы, жаңыртылган предметтик стандарттар, 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн жаңы окуу программалары, «Баалоо» улуттук баалоо программасы, санариптик ресурстар жана квалификацияны жогорулатуунун жаңыртылган курстары. Өзгөчө көңүл жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, «Күндөлүк» АИСи, «Мугалим», «Санарип Кампа» платформалары жана билим берүү практикасын байкоо куралы аркылуу насаатчылык көндүмдөрүн өнүктүрүү өңдүү заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө бурулат.
Форумдун алкагында секциялык окутуулар, практикалык мастер-класстар жана талкуулар өтөт. Алар аркылуу катышуучулар «Кыргыз тили», «Орус тили», «Математика», «Табият таануу», «Тарых» жана башка сабактар боюнча жаңыртылган программалар менен таанышып, баалоонун жаңы ыкмаларын жана билим берүү процессин башкарууга арналган санарип куралдарды өздөштүрүшөт. Ар бир күндүн соңунда «Ыкчам жолугушуу» сессиялары уюштурулуп, тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түзүлөт.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында ушундай эле форматта өткөн Педагогикалык форумдун алкагында өлкө боюнча 600дөн ашуун завуч жана методист окутуудан өткөн.
«Жаңылыктын жарчысы» форуму Кыргызстандын педагогдор коомчулугун чыңдоонун маанилүү кадамы катары мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана 12 жылдык билим берүү моделине ийгиликтүү өтүүгө өбөлгө түзөт.