Көрүлдү: 594
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү улуттук системасына санариптик дипломдорду жайгаштыра баштады. Биринчи этапта системага 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилди. Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам жана ыңгайлуу түрдө ала алышат.
Санариптик дипломдорду киргизүү:
* билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга;
* квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
* кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга;
* документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет.
«Санариптик дипломдорду киргизүү – билим берүүнүн санариптик инфраструктурасын куруудагы маанилүү кадам. Биз бир кыйла ачык, натыйжалуу жана технологиялык системага карай жылууну уланта беребиз», – деди Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д. Кендирбаева.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин техникалык колдоосу жана «Түндүк» платформасынын жардамы менен ишке ашырылды.
Мурунку жылдары берилген дипломдорду санариптештирүүнү мындан ары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү максатында жүзөгө ашырат.