Көрүлдү: 511
Үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Балыкчы шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээлин 60 пайызга жеткирүү маселеси талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, шаардын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Эсенаманова, ошондой эле муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы мектепке чейинки билим берүүнүн учурдагы абалы, жеткиликтүүлүк, инфраструктура жана жаңы окуу жылына даярдыктар талкууга алынды. Катышуучулар мектепке чейинки билим берүү уюмдарына суроо-талап жогору экенин, бирок орундардын жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын белгилешти.
Агартуу министрлигинин өкүлү учурдагы абалды жакшыртуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтүү, бала бакчалардын имараттарын натыйжалуу пайдалануу, кошумча бала бакчаларды ачууга түрткү берүү жана кадрдык камсыздоону жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берди.

Вице-мэр шаардык бийлик тарабынан жаңы бала бакчалар курулуп жатканын, бала бакча курууга жер участоктору бөлүнүп жатканын жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү пландалып жатканын маалымдады.
Жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү деңгээлин быйыл 60 пайызга, ал эми 2026-2030-жылдар аралыгында 80 пайызга жеткирүү боюнча конкреттүү кадамдарды камтыган иш планын түзүү сунушталды. Бул максатта тиешелүү мекемелердин ортосунда кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.