Көрүлдү: 332
Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Ысык-Көл, Түп райондорундагы билим берүү уюмдарынын 2025–2026-окуу жылына даярдыгын текшерди.
Министр иш сапарынын жүрүшүндө Кароол-Дөбө айылында курулуп жаткан Ж. Бейшекеев атындагы мектептин, ошондой эле Өрнөк айылында курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Андан ары ал Көркөм сүрөт жатак мектебинин, Өрнөк орто мектебинин жана Ананьева айылындагы №82 кесиптик лицейдин жаңы окуу жылына даярдыгын көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылына карата билим берүү уюмдарынын даярдыгы, эксплуатацияга берилүүчү билим берүү уюмдарынын курулушу, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында 28-июлдан 9-августка чейин министрликтин кызматкерлери жана тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде комплекстүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
