Көрүлдү: 608
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылына 1-2-класстардын окуучуларын мектепке каттоо процесси уланып жатканын маалымдайт. Каттоо жараяны мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөн.
Ата-энелер балдарын мектепке каттатуу үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу каттоодон өтө алышат. Ал үчүн 1mektep.edu.gov.kg санариптик платформасы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси колдонулат.
Азыркы учурда өлкө боюнча 1-2-класстар үчүн 112 182 бош орун жеткиликтүү.
Каттоо мөөнөтү 2025-жылдын 15-августуна чейин улантылат.
Урматтуу ата-энелер! Жоопкерчиликтүү мамиле кылып, балдарыңызды мектепке өз убагында каттатыңыздар.
Кошумча маалымат алуу үчүн Колл-борборго кайрылыңыздар. Байланыш номери: 110 (чалуу акысыз)