Көрүлдү: 547
2025-жылдын 20-27-июлунда Филиппиндин Кесон шаарында өткөн XXXVI эл аралык биология олимпиадасында (International Biology Olympiad – IBO) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды.
Кыргызстандын командасына Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасынан тандоо этабында жогору балл алган төмөндөгү 4 окуучу тандалган:
Дмитрий Рубан, “Сейтек STEM” мектебинин 10-классынын окуучусу;
Нурсултан Увалиев, К. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу;
Айбике Базарбаева, United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу;
Өмүрбек Русланбеков, Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу;
Команданын курамына төмөнкү жетекчилер кошулган:
Эльбрус Тажибаев – кураманын жетекчиси, IBO калыстар тобунун мүчөсү;
Даян Мэлисов – машыктыруучу, IBO калыстар тобунун мүчөсү;
Бактынур Ажыбаев – машыктыруучу, IBO калыстар тобунун мүчөсү
Жыйынтыгында Дмитрий Рубан менен Айбике Базарбаева коло медалга татыктуу болушту.
Ошентип, Айбике Базарбаева биология боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утуп алгачкы кыргызстандык кыз болуп калды.