Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЧМӨ КОМИССИЯЛАРЫ ОШТУН МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРИШТИ

Көрүлдү: 0

Жаңы 2025-2026-окуу жылынын алдында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы билим берүү уюмдарынын даярдыгына мониторинг жүргүзүү боюнча масштабдуу иштер жасалды. Бул иштин алкагында көчмө комиссиялар тарабынан Ош шаарындагы бала бакчалар, жалпы билим берүүчү мектептер жана лицейлер текшерилди.

post.title

Иш сапардын негизги максаты билим берүү уюмдарын окуу процессинин башталышына талаптагыдай даярдоону камсыз кылуу болду: санитардык коопсуздук шарттары, окуу класстарынын, спорттук жана тамак-аш блокторунун, жылытуу, суу менен камсыз кылуу жана электр менен жабдуу системаларынын абалы текшерилди. Өзгөчө көңүл авариялык имараттарга бурулду. Текшерүүнүн жүрүшүндө капиталдык оңдоого муктаж объекттер катталды.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү справкалар түзүлүп, анын негизинде бул мекемелерди капиталдык оңдоп-түзөө планына киргизүү үчүн сунуштар жиберилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар