Көрүлдү: 325
Агартуу министрлиги үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан тартып өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү уюмдарынын (бала бакча, мектеп, кесиптик лицей ж.б.) 2025-2026-окуу жылына карата даярдыгын текшере баштады.
Комплекстүү текшерүүлөр Нарын облусунан башталды. Ушул тапта министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Нарын шаарындагы билим берүү уюмдарын кыдырып, абалды жеринен баалашууда.
Текшерүү маалында жергиликтүү жетекчилер билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына даярдоо учурунда жаралган айрым маселелер боюнча маалымат беришүүдө.