Көрүлдү: 500
2025-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук негизде киргизүү менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо максатында онлайн-кеңешме өткөрдү.
Иш-чара Zoom платформасында өткөрүлдү. Ага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссияларынын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин жүрүшүндө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук, финансылык жана укуктук аспекттери, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчиликке жана ролдорго тиешелүү маанилүү маселелер каралды.
Белгилей кетсек, ваучердик каржылоо механизми республика боюнча 38 пилоттук районду жана шаарды камтыйт.