Көрүлдү: 8791
Күзгү – 5 календардык күн: 2025-жылдын 5-9-ноябрында, сабактар 2025-жылдын 10-ноябрында улантылат; Кышкы (майрамдык) - 12 календардык күн: 2025-жылдын 31-декабрынан баштап 2026-жылдын 11-январына чейин, сабактар 2026-жылдын 12-январынан улантылат; Жазгы - 3 календардык күн: 2026-жылдын 6-8-мартында, сабактар 2026-жылдын 9-мартынан улантылат; Майдагы (майрамдык) - 10 календардык күн: 2026-жылдын 1-10-майында, сабактарга 2026-жылдын 11-майда кайтышат.
12-жылдык мектептин 1-классынын алты жаштагы окуучулары үчүн мектептик каникулдар кошумча 2 жумага узартылат: II жана III чейректерде 2025-жылдын 24-декабрынан баштап 2026-жылдын 18-январына чейин өткөрүү сунушталат. 2-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар III чейректе кошумча 1 жумага узартылат.