Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАЛА БАКЧАГА ВАУЧЕР АЛУУГА АРЫЗ БЕРҮҮ УЛАНУУДА

Көрүлдү: 268

2025-жылдын 22-июлуна карата “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасында ваучер алууну каалаган өлкө жарандарынын 514 арызы катталды.

post.title

Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 257
Ош шаарында – 8
Баткен облусунда – 70
Жалал-Абад облусунда – 42
Нарын облусунда – 4
Ош облусунда – 12
Ысык-Көл облусунда – 23
Талас облусунда – 11
Чүй облусунда – 87

Катталган арыздардын 125и канааттандырылды. Бүгүнкү күндө ваучер алуучу 31 бала 10 сааттык режимде иштеген жеке менчик бала бакчага бара баштады. Калган арыздар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан каралып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык бул максатка өлкө боюнча 1000 квота каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар