Көрүлдү: 580
Бүгүн, 21-июлда, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында жатак мектептерде пландуу текшерүү жүргүздү. Иш сапардын алкагында ал Азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектепке, ошондой эле дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектепке барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Надира Джусупбекова окуу кабинеттерин, ашканаларды, санитардык түйүндөрдү жана жатаканаларды көрүп чыкты. Ал оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүп, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, алардын билим алышына жана жашоосуна ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоону тапшырды.
Атайын мектептердин директорлору – Мээрим Мадиярова жана Каныкей Джаманбаева жаңы окуу жылына даярдык тууралуу маалымат берип, министрдин орун басары менен учурдагы жумушчу маселелерди талкуулашты. Пландык текшерүү 2025–2026-окуу жылына даярдыктын алкагында өтүүдө.