Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ АТА-ЭНЕЛЕРДИ БАЛАСЫН 15-АВГУСТКА ЧЕЙИН МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ КАТТАТУУГА ЧАКЫРАТ

Көрүлдү: 426

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги эске салат: балдарды 1 – 2-класстарга каттоо 2025-жылдын 15-августуна чейин улантылат – ал 1mektep.edu.gov.kg санариптик платформасы жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

post.title

2025-жылдын 21-июлуна карата маалымат:

* Жалпы квота: 289 569

* Катталгандар: 171 812

* Бош орундар: 117 758, анын ичинен:

➤ 27 310 орун – жеңилдик категориясындагылар

Бул бардык мектептерде кабыл алуу иши уланып жатканын билдирет. Ата-энелер бош орун бар мектепти тандап, азыр эле арыз берип каттата алышат.

Эмне үчүн кечиктирбөө маанилүү?

Урматтуу ата-энелер, каттоо мөөнөтүнүн акыркы күндөрүн күтпөстөн, документтериңиздерди эртерээк тапшырууну сунуштайбыз. Бул төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет:

Балаңыздардын өз убагында мектепке кабыл алынышын камсыз кылат;

Зарыл болсо (мисалы, жеңилдик документи тиркелген учурда) оңдоого убакыт болот.

“Э-Күндөлүк” системасы менен интеграция

Мектепке автоматтык түрдө кабыл алуу системасы – “Мектеп” азыркы учурда “Э-Күндөлүк” санариптик күндөлүгү менен интеграцияланып жатат.

Бул кабыл алынгандан кийин:

* Бала тууралуу маалымат электрондук күндөлүккө автоматтык түрдө түшөт.

* Ата-энелер жана мугалимдер үчүн сабактардын жүгүртмөсүн, жетишкендиктерин, сабакка катышуусун көзөмөлдөө жеңилдейт.

Балаңыздарды каттатуу – сиздердин жеке ата-эне катары жоопкерчилигиңиздер.

Азыр арыз берүү 1-сентябрда окуу жылын тынч жана уюшкандыкта баштоого мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар