Көрүлдү: 776
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги балдарды мектепке кабыл алууну ачык-айкын жана мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылган системаны ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу журналисттерге 2025-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова билдирди.
2025-жылы 1-2-класстарга каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп жатат, бул ата-энелерге мектепти өз алдынча тандап, кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, онлайн түрдө табыштама берүүгө шарт түзөт.
Кусеинова быйыл каттоо системасы жеңилдетилгенин белгиледи. Ата-энелерден жашаган жери боюнча маалымкат, паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү талап кылынбайт. Болгону окутуунун тилин тандоо жетиштүү – система балдарды каттоо дареги боюнча мектептерге автоматтык түрдө бөлүштүрөт.
Электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:
* Биринчи этап – расмий каттоо дареги боюнча: ата-энелер баласын өзүнүн микроучастогундагы мектепке каттайт;
* Экинчи этап – каттоо дарегине карабастан: бош орун бар каалаган мектепке арыз берүүгө болот.
Министрлик аймактык билим берүү органдары жана техникалык кызматтар менен биргеликте системанын ишин координациялап, квоталардын туура бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөп, пайда болгон кыйынчылыктарга ыкчам чара көрүүдө.
«Белгилей кетчү нерсе, мектептер жеткиликтүү орундардын санын өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана шарттарына жараша аныктайт. Ошол эле учурда сапатты сактоо үчүн бир класста 36 окуучудан ашпашы керек деген милдеттүү норма бар», – деди ал.
Ички миграциянын жогору болушуна байланыштуу, айрыкча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда мектептерге жүктөм көп болууда. Айрым ата-энелер популярдуу мектептерге балдарын каттоо үчүн жашаган жеринен башка дарекке атайылап каттоого турган учурлар бар. Мындай учурлар аныкталып, мыйзам бузуу менен кабыл алынган балдар каттоодон чыгарылат.
«Мисалы, Бишкектеги бир мектепте 86 мыйзам бузуу аныкталган. Бул орундар ошол микроучастокто чындап жашаган балдарга берилди», – деп айтты Кусеинова.
Мектепке кабыл алуу жобосуна ылайык, айрым категориядагы жарандарга жеңилдиктер каралган. Алар:
* учурда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин балдары;
* ошол мектепте кеминде бир жыл иштеген мугалимдердин балдары;
* кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
* эгиздер.
Бул категориялар үчүн ар бир класстагы жалпы орундардын 10% квота каралган.
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө байланыштуу быйыл 1-класстан тышкары 2-класска да кабыл алуу жүрүп жатат.
2-класска:
* 2018-жылы төрөлгөн балдар;
* 2019-жылы төрөлүп, «Наристе» программасы аркылуу мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдар кабыл алынат.
Министрликтин өкүлү ата-энелерге бала бала бакчада калса, кийинки жылы ал бала түз эле 2-класска бара албай, кайрадан 1-класска кабыл алынарын эскертти. Ошондуктан 2025-жылы сөзсүз түрдө баланы 1- же 2-класска каттоо маанилүү.
Агартуу министрлиги ата-энелерди документтерди өз убагында электрондук система аркылуу тапшырууга, каттоо эрежелерин сактоого жана мектептердин чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга чакырат.
«Ар бир бала мектепте орун менен камсыздалат – бир да бала билимсиз калбайт», – деди Айнура Кусеинова, сөзүн жыйынтыктап жатып.