Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНЕ ӨТКӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 1593

Бүгүн, 16-июлда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы түзүлгөн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине которулган кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

post.title

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратында иштеп келген кызматкерлер өлкөнүн билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл” мааракелик медалына, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине жана Ардак грамотага ээ болушту.

Министр Д. Кендирбаева өлкөнүн билим берүү системасынын жүгүн бирге көтөрүп, тармактын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан кесиптештерине ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 2-июлунда Агартуу министрлиги менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишин жөнгө салуучу ченемдик актыларды бекиткен.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар