Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГА ХАН ӨНҮКТҮРҮҮ УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДА БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

Көрүлдү: 562

2025-жылдын 15-июлунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү болду.

post.title

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мугалимдердин STEM предметтери боюнча дасыктыгын жогорулатуу маселеси талкууланды. Ушул жылдын август айынын экинчи жарымында Ага Хан университети тарабынан чет өлкөлүк тренерлер Кыргызстанга келип, мугалимдер үчүн атайын окутууларды өткөрүшөт.

Министр өз сөзүндө жаш муундун келечеги бүгүнтөн калыптанып жатканын белгилеп, аларды мекенге кызмат кылууга багыттоо мамлекет үчүн башкы жетишкендик экенин баса белгиледи. Ал бул максатка жетүү үчүн билим берүү системасындагы бардык чакырыктарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Баркат Фазал өз кезегинде Кыргызстандын билим берүү тармагына жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жатканын оң баалап, уюм мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууда ошондой эле агартуу министринин 2025-жылдын январь айында Пакистанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар тууралуу да сөз болду. Тактап айтканда, өлкөбүздө медициналык билим берүүнү чыңдоо максатында атайын жол картасы иштелип чыккан. Бул багыттагы иш-аракеттерди мындан ары Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги улантат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар