Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ: АЛГАЧКЫ СААТТАРДА ЭЛЕ — ОНЛАЙН 200 АРЫЗ!

Көрүлдү: 717

14-июлдан тартып кесиптик лицейлерге документтерди кабыл алуу башталды жана алгачкы сааттарда эле 200 абитуриент санариптик платформа аркылуу арыз тапшырды. Ошол эле учурда https://2020.edu.gov.kg/npo сайтында лицейди тандоодон тышкары, программалар менен таанышып, жатакана керектигин же кереги жоктугун белгилөөгө болот.

post.title

2025-жылдын 14-июлунда «Биринчи радионун» эфиринде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова өлкөдө кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүк кантип кеңейип жаткандыгы жана Туруктуу өнүгүүнүн № 4 максаты – «Ар бир адам үчүн өмүр бою сапаттуу билим берүү» кантип ишке ашып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү — билим берүү системасы. Калк канчалык билимдүү болсо, жашоо сапаты ошончолук жогору, экономика туруктуу жана күчтүү болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык мамлекеттик программалары жана стратегиялары Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарын эске алуу менен түзүлүп жатат.

Г. Мамырова өлкөдө 93 кесиптик лицей иштеп жатканын, анын ичинен 6 лицей Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагында экенин маалымдады. Бул мурдагыдан аз, бирок кыскартуу оптималдаштыруунун эсебинен болгон жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн, мекемелер башкы жана филиалдар болуп бириктирилип жатат.

Бүгүнкү күндө лицейлерде 25 миңден ашуун окуучу билим алууда, ал эми өткөн жылы 12 миңдей чоң адам кыска мөөнөттүү курстардан өткөн. Бул курстар ар бир адамга https://kesip.edu.gov.kg/ru  онлайн-платформасы аркылуу жеткиликтүү. Аталган платформада 700гө жакын программа чогултулган. Бул платформада каалаган адам өзү кызыккан кесип боюнча курсту тандап, жүгүртмөнү көрүп, баасын билип жана онлайн түрдө арыз бере алат.

Реформалар тууралуу сөз кылып жатып, Г. Мамырова 2023-жылы кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул мыйзам дуалдык окутуу сыяктуу формаларга жол ачты, башкача айтканда, сабактардын көбү аудиторияда эмес, өндүрүштө, чыныгы иш чөйрөсүндө өтөт. Эми иш берүүчүлөр билим берүү процессинин толук кандуу катышуучулары болушту – алар лицейлер менен биргеликте окуу программаларын иштеп чыгышат, квалификациялык экзамендерге катышып, бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдөрүн баалашат. Мындай ыкма бизнестин суроо-талабына мүмкүн болушунча туура келген кадрларды даярдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлдү. Бул жерде формалдуу эмес түрдө окуп, бирок практикада кесипти өздөштүргөн жаран (мисалы, ашпозчу же ширетүүчү) өз жөндөмдөрүн тастыктап, мамлекеттик үлгүдөгү документти ала алат. Бул мүмкүнчүлүктү азыркыга чейин болжол менен 800 адам колдонду.

Окуу мөөнөттөрүндө да олуттуу өзгөрүүлөр болду: эми 9-класстын базасында кесипти үч жыл эмес, эки жылда өздөштүрүүгө болот. Мындай өзгөртүү абитуриенттер үчүн өтө ыңгайлуу.  Маселен, жакында эле 9-класстын базасында 4,5 миңге жакын адам окуса, 2024-жылы бүтүрүүчүлөрдүн саны 9 миңди түздү. Ошондой эле кесиптик билим берүү дипломуна ээ болгондон кийин жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырбай туруп жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Мамырованын айтымында, өткөн жылы бул мүмкүнчүлүктү лицейлердин 400дөй бүтүрүүчүсү колдонгон.

Жумушчу кесиптерге болгон суроо-талап өсүүдө. Бул өлкө боюнча жаңы ишканалардын ачылышы менен да байланыштуу. Акыркы үч жыл ичинде министрлик башталгыч кесиптик билим берүүнү активдүү жайылтып жатат. Бул эл аралык кыймылдарга катышуу аркылуу да ишке ашырылууда. Мисалы, 2024-жылы Кыргызстан Франциядагы жана Дубайдагы WorldSkills чемпионатына биринчи жолу катышып, тикмечи, ашпозчу жана ширетүүчү багыттары боюнча дароо алдыңкы отуздуктун катарына кирди. Быйыл улуттук чемпионат экинчи жолу өткөрүлдү, ал эми мыкты окуучулар Тайбэйде өлкөнүн намысын талашууга даярданып жатышат.

IT-багытына өзгөчө көңүл бурулууда. Эки жыл мурда маалыматтык технологияларды тандаган абитуриенттердин үлүшү 6-8% болсо, бүгүнкү күндө ал 12% түзөт. Лицейлер лицензия алышып, программалоо, киберкоопсуздук, системалык администрациялоо, SMM жана дизайн боюнча жаңы программаларды ачышууда. Бишкекте 200 орундуу чоң IT-хаб түзүлүп жатат, анда каалаган адам бул тармактагы көндүмдөргө үйрөнө алат.

Аялдардын катышуусу да өсүүдө: мурда башталгыч кесиптик билим берүү системасында кыздардын үлүшү 30% болсо, азыр 33% түзөт. Айрыкча алар IT жана ашпозчу, чач тарач, тырмак сервисинин мастерлери сыяктуу талап жогору болгон кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү курстарды тандашат. «Бизнес негиздери» программасы жаңыртылып, эми окуучуларга жеке ишкерликти каттоону, патент алууну жана жеке иш баштоону да үйрөтүшөт.

Материалдык-техникалык базаны жаңылоого чоң маани берилүүдө. Акыркы жылда донорлордун колдоосу менен 10 лицей, Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору, Республикалык илимий-методикалык борбор оңдолду. Азыр дагы 50 мекемени камтый турган долбоор даярдалууда. Жабдуу үчүн мамлекеттик каржылоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Билимдин сапаты – дагы бир маанилүү маселе. Мамырова кээ бир кесиптер боюнча окуучуларды даярдоо иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүнө жооп бербей тургандыгын моюнга алды. Маселе заманбап жабдуунун жана мастерлердин жетишсиздиги менен байланыштуу. Бирок компаниялар менен кызматташтык түзүлгөн жерлерде жыйынтык мыкты. Мисалы, «Дастан» компаниясы студенттерди практикага гана албай, аларга айлык акы да төлөйт.

Келечекте ири компаниялар менен кызматташууну кеңейтүү жана дуалдык билим берүү программаларын өнүктүрүү пландалууда. Мисалы, Ысык-Көл облусунда лицейлер «Ала-Тоо Резорт» туристтик кластеринин конкреттүү талабына ылайык кадрларды даярдап жатышат. 2027-жылга чейин ал жакка 4 700 кызматкер керек болот жана кесиптик билим берүү системасы бул суроо-талапка ылайыктап иш алып барууда.

Күн панелин монтаждоочулар, логисттер, жашыл энергетиканын операторлору сыяктуу жаңы кесиптерди ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Кара-Көлдө «Камбар-Ата» ГЭСи менен биргеликте программаны ишке киргизүүгө даярдык башталды.

Г. Мамырова булардын баары ата-энелер, бизнес жана жергиликтүү бийлик менен өнөктөштүктө гана мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле социалдык тармактар, видеороликтер, ачык эшик күндөрү, кесиптер жарманкелери аркылуу жаштар менен кесиптик багыт берүү иштери жана жарандарды маалымдоо активдүү жүрүп жатканын кошумчалады.

«Биз кызматташууга ачыкпыз. Ар бир лицейдин бүтүрүүчүсү эртеңки күнүнө ишениши, ал эми ар бир иш берүүчү келечектеги кызматкерлеринин квалификациясына ишениши биз үчүн маанилүү», – деп сөзүн жыйынтыктады Г. Мамырова.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар