Көрүлдү: 429
Кыргызстандын математика боюнча курама командасы 2024-жылдын 18-июнунан 12-июлуна чейин Кытайдын Бээжин шаарында өткөн IMSC жайкы программасына катышты. Программага 33 өлкөдөн 206 окуучу катышты. Эки жума аралыгында окуучуларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген машыктыруучулар даярдашты. Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык 6 окуучу бир күмүш медаль, эки коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алышты.
Катышуучулардын жыйынтыктары:
1. Бобрус Ян – күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 9-классынын окуучусу
2. Эшперов Нурсултан – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу
3. Киргизбаев Назар – коло медаль, Бишкек шаарындагы № 61 орто мектептин 11-классынын окуучусу
4. Капаров Нурдөөлөт – Ардак грамота, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу
5. Мусаходжаев Султан – Ардак грамота, Бишкек шаарындагы № 70 орто мектептин 9-классынын окуучусу
6. Саят Арлан – катышуучу, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу
Команданын машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Челноков Григорий
Бул иш-чаранын башкы максаты быйыл Австралиянын Саншайн-Кост шаарында өтө турган математика боюнча эл аралык олимпиадага (IMO) даярдоо болуп саналат.