Көрүлдү: 573
Бүгүн, 14-июлда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө эмгектенген методисттер үчүн беш күндүк семинар башталды. Анда Сингапурдан келген жогорку квалификациялуу тренерлер Кыргызстандын билим берүү системасына ыңгайлаштырылган жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди (окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, жумушчу дептерлер) колдонуу ыкмалары боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрүн бөлүшөт. Беш күндүк семинарда катышуучулар 1, 2, 5, 7-класстар үчүн иштелип чыккан математика, табигый илимдер предметтери жана 3 – 9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди колдонуу ыкмаларын, ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделине ыңгайлаштырылган жаңыланган окуу программаларын өздөштүрүшөт. Андан ары методисттер ушул семинарда алган билимдерин жана көндүмдөрүн бөлүшүү максатында жер-жерлерде мугалимдер үчүн тренингдерди уюштуруп, өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасы (Сингапур) менен “Окуу китеби” басма үйүнүн (Кыргызстан) ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасынан табигый илимдер (табият таануу, физика, химия, биология), математика (математика, алгебра, геометрия) жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз колдонуу укугу алынган. Бүгүнкү күнгө карата 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика, табигый илимдер предметтери боюнча жана 3 – 9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер кыргыз, орус тилдеринде “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыгып, мамлекеттик мектептерге таркатылып берилди.