Көрүлдү: 844
2025-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Корея Республикасынын Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы менен санариптик билим берүү багытындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын губернаторунун орун басары Ким Тэ Хён башында турган делегация мүчөлөрү катышты.
А. Махметкулов министрлик Корея сунуштаган демилгелерди жогору баалай турганын баса белгилеп, төмөнкүлөрдү кошумчалады: “Санариптик трансформация маселеси Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Корея Республикасындагы билим берүү системасынын өнүккөн деңгээлин эске алуу менен биз ар кандай тармактар боюнча кызматташууга толук даярбыз. Меморандумга кол коюу эки тараптуу жана ар тараптуу жигердүү кызматташтыктын башталышы болуп калат».
Ошондой эле, А. Махметкулов 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө өнөктөштөрдүн консультациялык колдоосу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин, бул процессте мугалимдердин орду өзгөчө экенин, алардын квалификациясын жогорулатуу негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын губернаторунун орун басары Ким Тэ Хён кыргыз тараптын сунуштарын кубаттай турганын билдирип, кыргызстандык мугалимдер Кореяда алган санариптик билимдерин мектеп практикасына ийгиликтүү жайылтарына ишенерин билдирди.
Меморандумдун алкагында Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тандаган мугалимдер үчүн Корея Республикасында окутуу программасын жана жергиликтүү санариптик билим берүү боюнча визиттик тренинг программасын ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тренингге катыша турган мугалимдерди тандап, Кореядан келген санариптик билим берүү адистерине административдик колдоо көрсөтөт, ошондой эле жергиликтүү мектептерди координациялап, алар менен кызматташууну камсыздайт.
Андан тышкары Корея тарап Кыргызстандын мектептерине гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтөт.