Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРИ ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: БАЛДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АҢ-СЕЗИМИН КАЛЫПТАНДЫРУУ – МААНИЛҮҮ МИЛДЕТ

Көрүлдү: 657

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Салттык баалуулуктар жана заманбап чакырыктар: өткөн эрдиктерден азыркы санариптик учурга” деген аталыштагы XIII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруунун маанисин белгиледи.

post.title

«Кыргызстан өзүнүн кайталангыс табияты менен даңкталат. Бүгүн балдардын экологиялык аң-сезимин калыптандыруу  маанилүү милдеттердин бири»,  деди министр. Анын айтымында, бул конференциянын жыйынтыктары балдарды тарбиялоонун формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүүгө, кошумча билим берүү программаларынын мазмунун байытууга жана салттуу маданияттын элементтери менен заманбап технологияларды окуу-тарбия процессине активдүү киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Конференциянын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү кошумча билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулап жатышат. Катышуучулар улуттук жана заманбап баалуулуктарды интеграциялоого, руханий жана патриоттук тарбиянын инсанды калыптандыруудагы ордуна, ошондой эле балдардын глобалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү натыйжалуу тажрыйбаларга өзгөчө көңүл бурушту.

Конференциянын уюштуруучулары  Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы биринчи клубу болуп саналган "Балажан" балдарды эстетикалык тарбиялоо боюнча республикалык окуу-методикалык борбору.  

Д. Кендирбаева Агартуу министрлиги кошумча билим берүү системасын өнүктүрүүгө, педагогдордун кесиптик статусун чыңдоого жана билим берүү практикасына салттуу жана заманбап баалуулуктарды интеграциялоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар