Көрүлдү: 601
2025-жылы балдардын билим алуусу жана жашоосу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өлкө аймагындагы бир катар жатак мектептерде жана атайын билим берүү уюмдарында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Буга республикалык бюджеттен 105,5 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен имараттардын чатырлары алмаштырылып, жылытуу системалары, суу түтүктөрү жана электр чубалгылары оңдолот, санитардык түйүндөр жана ички бөлмөлөр жаңыланат.
Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өткөргөн жыйында маалымдалды.
“Бул иштердин сапаты жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Ишти так, жоопкерчилик менен жүргүзүү – жалпы системанын ийгилигинин негизи”, – деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө Д. Кендирбаева комплекттөө маселесине да токтолуп: “Аз комплекттүү класстарды ачууга жол берилбеши керек”, – деп баса белгиледи.