Көрүлдү: 854
Өлкөнүн Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жана алардын алдындагы борборлоштурулган бухгалтерияларга республикалык бюджеттен 57 млн сом бөлүндү. Бул каражаттар эмерек жана компьютердик техника сатып алууга жумшалат. Бардык сатып алуулар Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти аркылуу жүргүзүлөт.
Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен болгон онлайн-жыйында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымдады.
Министр бул колдоо 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өтүүнүн алкагында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын жана алардын алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялардын ишин санариптештирүү, иштөө шартын жакшыртуу максатында көрсөтүлүп жатканын баса белгилеп, жергиликтүү жетекчилерге финансылык тартипти бекем сактоо, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу талап кылынарын эскертти.
