Көрүлдү: 755
Ушул жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Япониянын Kitahara Medical Strategies International Co. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Делегацияны министрдин орун басары Альберт Махметкулов кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар медициналык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын ыктымалдуу багыттарын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жапон ооруканасын ачуу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Бул демилге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ыктымалдуу модели катары каралууда жана өлкөнүн медициналык инфратүзүмүн чыңдоодо маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн. Келечектеги клиника үчүн адистерди даярдоо маселелерине, анын ичинде такшалтуу программаларына жана биргелешкен билим берүү демилгелерине, өзгөчө көңүл бурулду.
Министрдин орун басары азыркы учурда Кыргызстандын медициналык билим берүү системасында сандык көрсөткүчтөрдөн адистерди сапаттуу даярдоого өтүү аракети башталууда. Ал Япониянын жарандарынын ден соолугунун жогорку деңгээли алардын саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугунун жаркын көрсөткүчү экенин, бул багытта Кыргызстан баалуу тажрыйба аларын баса белгиледи.
Соңунда тараптар белгиленген багыттар боюнча мындан аркы диалогго даяр экендиктерин жарыялады.