Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА 3 КОЛО МЕДАЛЬ ЖАНА 2 АРДАК ГРАМОТАГА ЭЭ БОЛДУ

Көрүлдү: 824

2025-жылдын 29-июнунан 8-июлуна чейин Россия Федерациясынын Ханты-Мансийск шаарында III Эл аралык илимий физика олимпиадасы (ISPhO-2025) өттү. Ага 23 мамлекеттен 105 окуучу катышты. Жыйынтыгында беш окуучудан турган Кыргызстандын курамасы үч коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алды.

post.title

Окуучуларыбыздын жыйынтыктары:

Эмилбеков Айтегин — коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу

Салиев Темирхан — коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу

 Устаттары: Алмурза уулу Алтынбек, Омурканов Тургунбек

Бектур Баратали — коло медаль, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу

 Устаты: Сатыбалдиев Дүйшөн

Анаралы уулу Эмир — Ардак грамота, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу

Абдиев Аскар — Ардак грамота, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу

 Устаттары: Чынтемир Сабыров, Улукбек Ажыбаев

Олимпиаданын соңунда өлкөлөрдүн курамалары Эл аралык физика олимпиадасына (IPhO-2025) даярдануу үчүн окуу-машыгууларга чакырылды. Иш-чара 2025-жылдын 8–15-июлунда Москва физика-техникалык институтунун базасында уюштурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар