Көрүлдү: 1060
2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Окуу китеби» басма үйүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринин жана министрдин орун басарларынын катышуусунда жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында жаңы муундагы «Математика», «Табият таануу» окуу китептерин даярдоо, басып чыгаруу маселелери каралып, окуу китептеринин мазмуну, тили жана визуалдык чечимдери боюнча бир катар эскертүүлөр жана методикалык сунуштар айтылды. Министр сапаты жогору жана баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан окуу материалдарын иштеп чыгуу маанилүү экенин баса белгиледи.