Көрүлдү: 942
2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева таланттуу окуучулар менен жолугушту. Алар Кыргызстанды X эл аралык маданий-билим берүү форуму – «Шериктештиктин балдары» иш-чарасында көрсөтүшөт.
Форум 2025-жылдын 7–16-июлунда Беларусь Республикасындагы «Зубренок» улуттук билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунун базасында өтөт.
Форумдун алкагында ар бир катышуучу өлкө үчүн өзүнчө «Республика күнү» уюштурулат. Бул күнү кыргызстандык окуучулар Кыргызстанды тааныштырып, өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, улуттук тамак-аштарын жана салттуу оюндарын сунушташат. Бул аркылуу форумдун бардык катышуучулары Кыргызстан менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Министр Кендирбаева катышуучулардын ой-пикирин угуп, алардын демилгелүүлүгүнө жана аракетине ыраазычылык билдирди:
«Ийгилик өзүңөрдүн колуңарда. Ага кандай аракет кылсаңар, жашооңор да ошондой болот. Кыялдангыла! Кыял – силердин кыймылдаткыч күчүңөр, максатыңар. Азыркы жаштар атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек», – деп белгиледи министр.
Ошондой эле министр окуучуларга жана алардын жетекчилерине ыраазычылык билдирип, балдардын өнүгүүсүнө, чыгармачылыгын ачууга шарт түзүп бергенин жогору баалады.
Белгилей кетсек, форумдун катышуучулары – эл аралык сынактардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ыктыярчылар жана жигердүү жаштар. Алар – лидерлик сапаттарга ээ болуп, коомго пайда алып келүүнү каалаган өспүрүмдөр.
X эл аралык «Шериктештиктин балдары» форумунда Кыргызстанды төмөнкү окуучулар тааныштырат:
Исраилова Мэрисеида (Жалал-Абад шаары)
Кубатова Элина (Бишкек шаары)
Авазханова Сабира (Раззаков шаары)
Рахимова Карина (Бишкек шаары)
Абдылдаев Элхан (Ош шаары)
Полосин Артем (Токмок шаары)
Саламатова Айбийке (Балыкчы шаары)
Лю-Мин-Чин Артур (Бишкек шаары)
Абдрахманов Эмирзат (Бишкек шаары)
Жусупбекова Раяна (Талас шаары)
Бул форум жаштар үчүн тажрыйба алмашуу, маданий байланыштарды бекемдөө жана КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын ортосундагы достукту чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.