Көрүлдү: 1290
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2024-жылдын 24-апрелинде кол коюлган билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында Азербайжан Республикасынын Элчилиги 2025-2026-окуу жылына Кыргыз Республикасынын 5 жаранын кабыл алып, окутууга даяр.
Атайын тандалган талапкерлерге Азербайжандын алдынкы жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана негизги медициналык билим берүү программалары боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 11-июлуна чейин узартылды.
Ушуга байланыштуу, Азербайжандын университеттерине тапшырууну каалаган Кыргызстандын жарандары 2025-жылдын 10-июлуна чейин тиешелүү документтерди тапшырган шартта онлайн-порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Агартуу министрлигине кайрыла алышат.
Түшүндүрүү жана кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
(0312) 66 21 98
0708 888 063
Тиркемелер:
Кабыл алуу шарттары жана Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларынын тизмеси (орус жана англис тилдеринде) – 14 бет