Көрүлдү: 1133
Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейинки күн тартибинде БУУ тарабынан кабыл алынган туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) аткарууга берилген бойдон калууда. Бул максаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, экология, гендердик теңчилик, региондук өнүгүү жана башка негизги чөйрөлөрдү камтыган улуттук стратегияларда жана программаларда чагылдырылган.
БУУнун штаб-квартирасында туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу серепти (УЫС) сунуштоонун алдында Кыргыз Республикасы билим берүү чөйрөсүндөгү кайра түзүүлөрдүн аралык жыйынтыктарын чыгарууда. Негизги багыттардын бири ТӨМдүн 4 максаттарын (бардыгы үчүн сапаттуу, инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыз кылуу) аткаруу менен түздөн-түз байланышкан мектептик билим берүүнү өнүктүрүү бойдон калууда.
Акыркы жылдары өлкөдө мектептик билим берүүнү заманбап, сапаттуу жана баарына жеткиликтүү кылууга багытталган бир катар өзгөрүүлөр ишке ашырылууда. Негизги кадамдардын бири 2023-жылдын августунда кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам болду. Ал билим берүү саясатындагы системалуу өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп калды.
Реформанын негизги багыттарынын бири – мектепте окутуунун 12 жылдык моделине өтүү. 2028-жылга чейин эсептелген жаңы түзүмдү ишке киргизүүнүн этаптуу планы бекитилди. Билим берүү стандарттары жаңыртылды, предметтик программалар кайра каралып чыкты. Мектептер практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик дүйнөдө жашоого даярданууга багытталган окутууда жаңы ыкмаларга өтүүгө даярданып жатышат.
Реформалар эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен коштолот. Азия Өнүктүрүү Банкы менен кызматташуунун аркасында Кыргызстанда билим берүү мекемеси өнүгүүдө, жаңы муундагы педагогдорду даярдоого жана мектептерди заманбап жабдуулар менен жабдууга шарттар түзүлүүдө.
2018-жылдан 2024-жылга чейин өлкөдө мектеп окуучуларынын саны 1,27 миллиондон 1,54 миллионго чейин өскөн. Бул убакыт аралыгында 129 жаңы мектеп ачылды. Өзгөчө маанилүү, ар кандай себептерден улам мектепке барбай калган балдардын саны кыйла – 2019-жылы дээрлик 3 миңден 2023-жылга чейин 2,3 миңге чейин кыскарган.
Билим берүүнүн сапаты да артыкчылыктуу болуп баратат. Өлкөдө окуучулардын билимин үзгүлтүксүз баалоо системасы – БААЛОО киргизилди. 2023-жылкы маалымат боюнча, негизги сабаттуулуктун деңгээли байкаларлык өстү: 7-14 жаш курактагы балдардын дээрлик 69 пайызы окуу боюнча, 57 пайыздан ашыгы математика боюнча тапшырмаларды ишенимдүү аткарышат. Бул 2018-жылга салыштырмалуу маанилүү прогресс.
2025-жылдын жазында Кыргызстан узак тыныгуудан кийин биринчи жолу ЖККУнун эл аралык изилдөөсүнө кайрадан катышты. Бул кыргызстандык мектеп окуучуларынын даярдык деңгээлин дүйнө жүзүндөгү алардын курдаштары менен салыштырганда объективдүү баалоого мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги үчүн окуучулардын баштапкы көрсөткүчтөрү кандай экенин түшүнүү, кийинки изилдөөлөрдө билим берүүнүн жетишкендиктеринин жакшырышынын динамикасын жана жаңы стандарттардын, программалардын жана окуу китептеринин натыйжалуулугун көзөмөлдөө абдан маанилүү.
Санариптештирүүгө өзүнчө көңүл бурулууда. Өлкөнүн дээрлик бардык мектептери (97,5%) интернетке туташты. Эгерде 2018-жылы билим берүү мекемелеринин жарымы гана тармакка кире алса, бүгүнкү күндө дээрлик ар бир мектеп онлайн режиминде. Бир эле окуу жылында 1200 мектеп жаңы компьютердик класстарды алышты, ал эми окуучулардын бир компьютерге болгон катышы эки эседен ашык төмөндөдү.
Билим берүү системасы барган сайын инклюзивдүү болуп баратат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн мамлекеттик эрте кийлигишүү программасы кабыл алынды. Эрте өнүктүрүү үчүн санариптик платформалар – кичинекей балдарды коштоодо ата-энелерге, педагогдорго жана адистерге жардам берүүчү “Билимдүү муун” порталы жана “Bebbo” уюлдук тиркемеси ишке киргизилди.
Алдыда – бир кыйла дымактуу пландар. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү аяктоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, окуу китептерин жаңылоо, инклюзивдик методикаларды киргизүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, жаңы мектептерди куруу, экологиялык стандарттарды эске алуу менен инфраструктураны модернизациялоо.
Кыргызстан алдыга ишенимдүү кадам шилтөөдө. Билим берүү тек гана мамлекеттин камкордук чөйрөсү болбостон, өлкөнүн туруктуу жана адилеттүү келечегинин ачкычы болуп калат.
Маалымдама:
2025-жылы Кыргызстан эл аралык коомчулукка Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу серепти сунуштайт. Баяндама июлдун аягында Нью-Йоркто жогорку деңгээлдеги Саясий форумда сунушталат. Ал азыркы учурдагы жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү жана ишти улантуу багыттарын чагылдырат. Бул серепте билим берүү чөйрөсү маанилүү орунду ээлейт.