Көрүлдү: 532
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Ош шаарынан Ысык-Көлдө өтүүчү фестивалга жөнөп жаткан Ош шаарынын мэриясына караштуу “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун окуучулары түшкөн транспорт каражатындагы көрүнүштү жол берилгис деп эсептейт.
Ошону менен бирге министрлик “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим берүү уюмунун аймагынан сырткары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн балдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) толук жоопкерчилик тартышарын баса белгилейт.
Ошондой эле, министрлик каникул маалында уюштурулган маданий-массалык иш-чараларга мектеп окуучуларынын катышуусуна белгиленген талап-шарттар жана жол кыймылынын эрежелери сакталган учурда гана жол берилерин, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ата-энелер менен катар уюштуруучулардын да жоопкерчилиги караларын эскертет.
Жогоруда айтылгандардан улам министрдин орун басары Надира Джусупбекова бүгүн, 27-июнда, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.