Көрүлдү: 1124
«Менин психологиялык жыргалчылыгым жана кризистик кырдаалда теңтуштарга жардам көрсөтүү» (психикалык саламаттык жаатында жеткиликтүүлүктү кеңейтүү) долбоорунун алкагында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун окутуучулары Чүй облусунун Будённовка айылындагы мектепте, Ош облусунун Араван районундагы Бобур атындагы мектепте 9-класстын окуучулары үчүн жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун өзүндө студенттер үчүн тренингдер өтүлдү.
Тренингдердин негизги максаты - жаштардын психологиялык сабаттуулугун жогорулатуу, тынчсызданууга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөтүү, кризистик абалдарды таанып, ага туура реакция кылуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.