Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН СЕРБИЯ ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

Көрүлдү: 982

2025-жылдын 26–27-июнунда Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Европадагы жана Борбор Азиядагы билим берүү жана технология маселелери боюнча министрлик жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Сербия Республикасынын билим берүү министри Деян Вук Станкович жана Safe Online платформасынын аткаруучу директору Мария Манойлович менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда билим берүү системасын жакшыртуу багытында эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу, окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана билим берүүдөгү инклюзивдүүлүктү илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, министрлер кызматташтык тууралуу Меморандум даярдоо боюнча макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар