Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МУГАЛИМДЕРДИ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨН ЧАКЫРЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ МААЛЫМАТТЫ ТӨГҮНДӨЙТ

Көрүлдү: 1037

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги азыркы учурда «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санариптик платформаларын колдонуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүүдө. Бул иш-чаралардын максаты – билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана окуу процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

post.title

Семинарлар өлкөнүн 30дан ашык районун камтып, Балыкчы, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Өзгөн шаарларында өтүп жатат. Семинарларга райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле мектеп директорлору гана катышып жатышат. Мугалимдер бул иш-чараларга катышкан да, эмгек өргүүсүнөн чакыртылган да жок.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар