Көрүлдү: 1098
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде ушул жылдын 24-июнда болуп өткөн жыйын – Байкоочу кеңештин экинчи отуруму. Байкоочу кеңеш долбоорду ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Жыйынга агартуу министринин орун басары, башкармалыктардын жана ведомстволук мекемелердин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова ачып, долбоордун максаттарына жетүү үчүн пландалган иш-аракеттерди так жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун акыркы алты айдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет каралып, байкоочу кеңештин биринчи жыйынындагы чечимдердин аткарылышы жана саясий чаралардын ишке ашырылышы талкууланды. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына долбоордун негизги компоненттери боюнча презентациялар көрсөтүлдү.
Атап айтканда, математика, физика, химия, биология, география жана информатика сабактары боюнча иштелип чыккан предметтик стандарттарттар жөнүндө маалымат берилди. Бул ишке жалпысынан 32 эксперт тартылган. Учурда STEM багытындагы предметтер боюнча 7-класстардын окуу-методикалык комплекттери адаптацияланууда. Ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга арналган окуу материалдары жана колдонмолор даярдалган.
Жыйындын катышуучуларына жогорку кесиптик билим берүүнүн стандарттары менен окуу программаларына жүргүзүлгөн анализ да сунушталды.
Мындан тышкары, STEM багытындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан 16 000ге жакын мугалим окуудан өттү. Бул тренингдер мугалимдерге окуучулардын STEM-дисциплиналарына болгон кызыгуусун арттыруу, критикалык ой жүгүртүүнү, изилдөө жөндөмдөрүн жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле, предметтик стандарттарда жана окуу китептеринде гендердик теңчиликке, гендердик сезимтал тилге жана социалдык инклюзияга байланыштуу иш-аракеттер сунушталды.
Жыйындын жүрүшүндө бардык материалдар боюнча активдүү талкуу жүрүп, катышуучулар суроолорду берип, алдыдагы артыкчылыктуу милдеттерди белгилешти.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталган жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, башкаруу системасын жакшыртууга жана инновациялык мектептердин түйүнүн түзүүгө басым жасайт.