Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
Д. КЕНДИРБАЕВА ЕВРОПАДАГЫ ЖАНА БОРБОР АЗИЯДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИК ЖОЛУГУШУУГА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 833

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 26-27-июнунда Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Европадагы жана Борбор Азиядагы билим берүү жана технология маселелери боюнча министрлик жолугушууга катышууда. Бул иш-чаранын алкагында министр негизги сессияларга жана талкууларга катышып, билим берүүнү жана технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук демилгелерди сунуштоодо.

post.title

Министрлик жолугушуунун биринчи күнүндө конференциянын негизги сессиялары төмөнкүлөр болду:   
Билим берүүнү санариптик трансформациялоодогу жана инновациялардагы тренддер – бул сессияда санариптик технологиялардагы соңку тренддер жана алардын билим берүү тармагына киргизилиши талкууланды. Эксперттер ийгиликтүү инновациялык чечимдердин мисалдарын бөлүшүп, чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү анализдешти, ошондой эле санариптик доордун шарттарында билим берүү чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн келечектүү багыттарын карап чыгышты.

Министрликтердин презентациялары жана инсайттар – бул сессияда алдынкы министрлер жана өкмөттөрдүн өкүлдөрү билим берүүдөгү санариптик өзгөртүүлөрдү колдоо боюнча демилгелерин жана стратегияларын сунушташты. Министр Д. Кендирбаева улуттук программаларды презентациялап, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен тажрыйба бөлүштү.  

Соңку өнүмдөргө жана чечимдерге сереп – бул сессиянын алкагында катышуучулар билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү жана ишенимдүү байланышты камсыз кылуучу жапжаңы өнүмдөр жана технологиялар менен таанышышты. Алдынкы технологиялык компаниялардын өкүлдөрү билим берүү платформаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана дүйнө жүзүндөгү окуучулар жана педагогдор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзө турган инновациялык чечимдерди сунушташты. 

Негизги сессиялар аяктагандан кийин Д. Кендирбаева бир кыйла жеткиликтүү жана заманбап билим берүү мейкиндигин түзүү үчүн эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгиледи. Министр айрыкча азыркы шарттарда зарыл кадам болуп саналган санариптик окутууну өнүктүрүүнүн жана мектептерди интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Мындай чаралар айрыкча алыскы райондордогу жана айыл жергесиндеги балдар үчүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Эгер биз бул маселени системалуу түрдө азыр чечпесек, заманбап технологияларды колдонуу үчүн шарттары бар мектептер менен андай шарттары жок мектептердин ортосундагы ажырымды күчөтүү тобокелдиги бар. Бул өз кезегинде билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигине жана окуучулардын азыркы дүйнөнүн талаптарына даярдыгына таасир этет. Биз бул маселеге ырааттуу түрдө, ар бир бала, жашаган жерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, заманбап билимдерге жана көндүмдөргө жете алгыдай шарттарды түзүү менен кадамдап барууга аракет кылып жатабыз”, – деп белгиледи ал. 

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын жаңы санариптик өнүмдөрү тууралуу айтып өттү. “Бүгүн биз “Е-Күндөлүк”, “Мектеп инфраструктурасы” маалыматтык системасы, Педагогдордун реестри жана “Балалык” автоматташтырылган маалымат системасы сыяктуу көптөгөн санариптик чечимдерди киргизип жатабыз. Бул чечимдер системанын сапатын, ачык-айкындуулугун жана башкаруучулугун жогорулатууга багытталган билим берүүнүн бирдиктүү экосистемасын түзөт. Бирок алар бардык мектептерде туруктуу интернет байланышы болгондо гана толук кандуу иштейт», – деп билдирди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар