Көрүлдү: 1761
Урматтуу кесиптештер! Сиздерди 23-июнь – Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздердин эмгегиңиздер – биздин улуу өлкөбүзгө жана анын өсүп келе жаткан келечек муунуна кылган талыкпаган кызмат.
Сиздердин ар бир чечимиңиздер, ар бир демилгеңиздер, сиздер даярдаган ар бир документ – биздин билим берүүбүздүн, демек, бүтүндөй өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошулган салым. Сиздердин принципиалдуулугуңуздар, жоопкерчилигиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Заманбап чакырыктардын шартында дал ушул сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр туруктуулукту сактоого жана билим берүү системасынын өнүгүшүн камсыз кылууга жол ачат. Эмгегиңиздер ар дайым маани-маңызга толсун, ал эми эмгегиңиздердин жыйынтыгы сиздерге татыктуу сыймык алып келсин!
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!
Министр Д. Кендирбаева