Көрүлдү: 965
Бүгүн, 19-июнда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында жаңы 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова катышып, жергиликтүү тургундарды жана тарбиячылар жамаатын жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен куттуктады.
Жаңы курулган бала бакча заманбап шарттарга жооп берип, 54 баланы кабыл алууга даяр. Бала бакча ушул жылдын 20-июнунан тарта иштеп баштайт.
