Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМДА "БААЛОО" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ СУНУШТАЛДЫ

Көрүлдү: 1038

2025-жылдын 15–20-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган Педагогикалык форумдун алкагында 2023-жылы ишке ашырылган билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча "Баалоо" улуттук программасынын жыйынтыктары сунушталды.

post.title

Өлкө тарыхында биринчи жолу функционалдык баалоо санарип форматта өткөрүлүп, республика боюнча 4- жана 8-класстын 7800дөн ашуун окуучусун камтыган.

Программага ошондой эле мугалимдер жана мектеп администрациясы үчүн анкеталар да киргизилген.

Баалоо үч негизги багыт боюнча жүргүзүлгөн: окуганды түшүнүү, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдери боюнча сабаттуулук. Бул ыкма билим берүү процессинин негизги компоненттерин ар тараптан талдоого жана системанын учурдагы абалы боюнча объективдүү түшүнүк алууга шарт түзөт.

Изилдөөнүн жүрүшүндө билим берүү системасындагы оң тенденциялар жана кошумча колдоо жана өнүктүрүүнү талап кылган тармактар аныкталды. Жыйынтыктар мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана учурдагы талаптарга жооп берген шарттарды түзүүгө багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болот.

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова буларды белгиледи:
«Бул изилдөө айрыкча өлкө 12 жылдык билим берүү системасына өтүп, ири реформалар ишке ашырылып жаткан чакта өзгөчө мааниге ээ. Учурда жаңы окуу китептери жана методикалык колдонмолор киргизилип жатат. Кийинки жолу кайрадан баалоону өткөрүү менен, биз ишке ашырылган өзгөрүүлөрдү объективдүү баалап, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун аныктай алабыз», — деди ал.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар