Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

Көрүлдү: 293

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 2025-жылдын 11-12-июнунда Казань шаарында болуп өткөн “Формируя будущее” (Келечекти куруп) деп аталган билим берүү министрлеринин III эл аралык форумуна катышты. Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Татарстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурган иш-чарада 32 өлкөдөн 100 чет элдик конок чогулду.

post.title

Форумдун ишинин жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу форматта делегаттар билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу тапшырмалардын ыктымалдуу чечилиши  тууралуу пикир алышып, улуттук билим берүү системаларын өнүктүрүү, санарип инновацияларды киргизүү, педагог кесибинин аброюн арттыруу, тарбия ишин өнүктүрүү жана ушул максаттарда эл аралык кызматташтыкты жандантуу жолдорун талкуулашты.

Форумдун алкагында М. Баймурзаев Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары А. Корнеев жетектеген россиялык делегация менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, билим берүү жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин (БМПУ) ректору С. Сагитов менен жолугушуу өткөрүлдү.

Негизги демилгелер төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • 9 биргелешкен мектепти куруу;
  • Орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин иштеп чыгуу жана адаптациялоо;
  • Кыргыз Республикасынын орус тилдүү мектептерин методикалык коштоо.

Бул кадамдар билим берүү алакаларын андан ары бекемдөө, дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракети аркылуу билим берүүнүн келечегин курууга багытталган жемиштүү диалогду улантууга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар