Көрүлдү: 1583
Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2025-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылды.
Жыйынтыктарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министрге жабык конверт менен берди. Анын ичинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси жана облустарда жогорку упайларды топтогон мыкты абитуриенттердин тизмеси бар.
Министрлик ЖРТда жогорку упай алган абитуриенттердин тизмесин коомчулукка жакын арада жарыялайт.