Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
«ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ» ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Көрүлдү: 1228

Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган "Жаңылыктын жарчысы" аттуу педагогикалык семинар-форум өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашуун педагог катышууда. Форумдун негизги максаты — Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» программасын илгерилетүү.

post.title

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева сүйлөгөн сөзүндө билим берүү тармагындагы ири өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууда жалпы түшүнүктүн жана биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи:

“Биз силер менен бир сапарда, бир багытта кыргыз элинин келечегин, түбөлүгүн түптөй турган жолдо баратабыз. Жаш муундарды татыктуу тарбиялоого багытталган, билим берүүнүн мазмунун түп-тамыры менен жаңыртып, жаңы стандарттарга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан "Алтын Казык" программасын ишке ашырып жатабыз. Силер "Жаңылыктын жарчысы" иш-чарасынын жөн гана катышуучулары эмессиңер, силер аны түздөн-түз жүзөгө ашыруучуларсыңар. Силер бул жаңылыкты кантип кабыл алып, кантип түшүнсөңөр, биз ошол багытта алдыга жылып, өзгөрүүнү чогуу ишке ашырабыз”, - деди министр.

Форум модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспекттерин: жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды киргизүү, жаңы окуу программаларын жана окуу китептерин колдонуу, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмаларын пайдалануу, ошондой эле мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун алкагында катышуучулар билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө арналган тематикалык секцияларда иш алып барышууда.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө билим берүү реформаларын ишке ашыруу учурунда мектеп администрациялары туш болгон негизги маселелер да талкууланууда.

Форум 2025-жылдын 20-июнуна чейин уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар