Көрүлдү: 918
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жеринде аныктап, чечүү максатында аймактардагы жарандар жана мугалимдер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Бүгүн, 13-июнда, министр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы мектептердин педагогдору менен ачык баарлашты. Жолугушууда билим берүү мекемелеринин инфраструктуралык абалы, кадр жетишсиздиги, мугалимдердин айлык акылары, окутуунун сапаты жана жалпы тармактагы көйгөйлөр талкууланды.
Министр жарандардын жана мугалимдердин сунуш-пикирлерин угуп, айрым маселелер боюнча жеринде чечимдерди кабыл алды.
