Көрүлдү: 844
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министринин орун басары Чэн Цзячан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана илим, технология жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Чэн Цзячан ШКУнун жана илим-технология боюнча биргелешкен комиссиянын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта чөлкөмдүк өз ара аракеттенүү потенциалы чоң экенин белгиледи.
А. Махметкулов Кытай менен илим, технология жаатындагы кызматташууну Кыргызстандын тышкы саясаты менен билим берүү саясатынын маанилүү багыттарынын бири катары баалай турганын билдирди.
“Биз Кытайдын илимий изилдөөлөр, технологиялык инновациялар жана санариптик трансформация жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалайбыз. Бул тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жемиштүү кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар деп ишенебиз”, – деди А. Махметкулов.
Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү диалогдун жыйынтыктары жаңы келишимдерге, академиялык алмашууларга жана практикалык демилгелерге негиз болоруна ишеним артып, бул кызматташтык эки элдин ортосундагы достук мамилелерди, илим жана технология багытындагы өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Маалымат үчүн:
Азыркы учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда төмөнкүдөй демилгелер жана долбоорлор ишке ашырылууда:
2023-жылдын май айында кол коюлган Илимий-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия түзүү тууралуу протокол;
Жогорку окуу жайларынын ортосундагы ондогон келишимдер жана академиялык алмашуулар;
Биргелешкен билим берүү долбоорлору – Конфуций институттары, кош дипломдуу программалар, «Lu Ban Workshop» устаканалары;
Приоритеттүү тармактарда кадрларды даярдоо: шамал энергиясы, санариптик инженерия, автоматташтыруу ж.б.;
Стипендия боюнча практикалык кызматташтык:
СУАР өкмөтү тарабынан берилген 25 грант;
2024 – 2025-окуу жылына карата 100 квота;
Цзинань шаарындагы университеттерде Кыргыз Республикасынын жарандарына 200 орун.
Бул аракеттер жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого гана эмес, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы гуманитардык жана маданий байланышты чыңдоого да салым кошот.