Көрүлдү: 346
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева өлкө аймактарына болгон иш сапарынын алкагында, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн санариптик билим берүү платформалары боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Окутуулардын негизги максаты — билим берүү тармагында колдонулуп жаткан жаңы санариптик платформалар менен натыйжалуу иш алып барууну камсыздоо жана аймактык жетекчилердин маалыматтык-коммуникациялык көндүмдөрүн бекемдөө.
Окуу жылынын жыйынтыкталышы менен "Электрондук күндөлүк" системасында окуучулардын жылдык бааларын коюу жана класстан класска көчүрүү процесстери жүрүп жаткан учурда мындай окутуулар өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө Лира Самыкбаева Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында окутууларды ийгиликтүү аяктады. Алдыдагы күндөрү ал Талас, Чүй облустарында да окутууларды өткөрөт.
