Көрүлдү: 545
Кыргызстандын курамасы 2025-жылдын 28-майынан 6-июнуна чейин Өзбекстанда өткөн Абу Рейхан Беруний атындагы эл аралык химия олимпиадасында (ARBIChO – Abu Reyhan Beruniy International Chemistry Olympiad) ийгиликтүү чыгып, өлкөнүн атын эл аралык деңгээлде таанытты.
Олимпиадага дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнөн келген мыкты окуучулар катышты. Кыргызстандан Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Исаева Наима, Кадыров Арафаттар өлкөнүн намысын талашты. Жыйынтыгында үч окуучу байгелүү орундарды багындырды:
🥈 Кахраманов Максатбек – күмүш медаль
🥉 Жапаров Эржан – коло медаль
🥉 Саматов Эрмек – коло медаль
Бардык катышуучулар Кыргызстандын химия боюнча улуттук олимпиадасынын жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынып, даярдыгы жана билимге умтулуусу бийик деңгээлде экенин көрсөтүштү.