Көрүлдү: 721
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева 3-июндан тартып Кыргызстандын аймактарына иш сапары менен барып, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Л. Самыкбаева 3-июнда Балыкчы шаарындагы Маданият үйүндө Ысык-Көл, Тоң райондук жана Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана аталган райондордогу мектеп директорлору үчүн санариптик билим берүү платформалары боюнча окууларды өткөрдү.
Ушундай эле иш-чара 4-июнда Каракол шаарындагы № 1 Алдаяр уулу Мойт аке атындагы мектепте өтүп, ага Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондук жана Каракол шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аталган аймактардагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.