Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА БАЛА БАКЧАЛАРГА ТЕЛЕЗИВОРЛОР ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 750

Бүгүн, 2-июнда, Билим берүү жана илим министрлигинде Балдарды коргоо күнүнө карата республика боюнча 430 мектепке чейинки билим берүү уюмуна телевизорлорду расмий тапшыруу аземи болду.

post.title

Бул колдоо мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тарбия берүү процессинде заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.

Белектерди тапшыруу учурунда министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев: “Телевизорлор мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталып, жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берет деп ишенебиз”, – деди.

Иш-чарага катышкан министрдин орун басары Надира Джусупбекова тарбиячыларды 2024-2025-окуу окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, буларга токтолду: “Сиздердин күч-аракетиңиздер менен балдарыбыз мыкты билим алып жатышат. Талыкпай эмгектенип, балдарга билим, тарбия берип жаткан бардык тарбиячыларга ыраазычылык билдиребиз. Жаңы окуу жылын жакшы даярдык менен баштап, ар тараптан колдоо көрсөтө беребиз”.

Белгилей кетсек, телевизорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар